Канадалык дарыгер Түркияны мисал келтирди

Онтарио Медициналык палатасынын мурдагы төрагасы доктор Сохайл Ганди Анадолу агенттигине маалымат берди.

1969280
Канадалык дарыгер Түркияны мисал келтирди

Канадалык дарыгер өлкөсүндөгү саламаттыкты сактоо көйгөйлөрүн жеңүү үчүн Түркияны мисал кылды.

Онтарио Медициналык палатасынын мурдагы төрагасы доктор Сохайл Ганди Анадолу агенттигине берген маалыматында, дүйнөдө көптөгөн жылдардан бери көңүл бурулуп келе жаткан Канаданын саламаттык сактоо системасынын терең кризисте экенин айтты.

Түркиянын 20 жыл мурда кабыл алган чечим менен жаңы саламаттык сактоо системасын түзгөнүн белгилеген Ганди: «Канада саламаттыкты сактоо системасындагы кризистен чыгуу үчүн Түркияны үлгү алышы керек»,-деди.

Ганди Түркиянын саламаттыкты сактоо тармагында таштаган эң маанилүү кадамынын маалымат жана көрсөткүч системасы экенине көңүлдөрдү буруп, Канаданын 13 өзүнчө саламаттык сактоо системасы бар экенине, алардын бири-бири менен байланышпаганына жана бир шаардан башка шаарга которулган бейтаптын маалыматына жетүү мүмкүн эмес экенине басым жасады.

Ганди: «Канаданын саламаттык сактоо системасындагы кризисти чечүүнүн биринчи жана эң маанилүү кадамы Түркия сыяктуу бардык саламаттык сактоо мекемелери биргелешип колдоно ала турган маалымат системасы»,- деди.

Оорулуулардын шашылыштыгына жараша операция үчүн 4 айдан 18 айга чейин убакыт берилээрин белгилеген Ганди өз блогуна жазган макаласында да окурмандарына «Шашылыш операция үчүн Түркияга баргыла» деген кеңешин берди.

Ганди макаласында: «Түрк жараны болбогон бирок медициналык туризм үчүн барган адамдар үчүн Түркия дүйнөдөгү эң маанилүү медициналык туризм багыттарынын бири»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар