Иранда жер титириеди

Улуттук сейсмологиялык борбордун маалыматына караганда, эпицентри Парсиян шаарында болгон күчү 5 баллга жеткен жер титирөө кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:27де катталган.

1968526
Иранда жер титириеди

Ирандын түштүгүндөгү Хормузган провинциясынын Парсиян шаарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду.

Улуттук сейсмологиялык борбордун маалыматына караганда, эпицентри Парсиян шаарында болгон күчү 5 баллга жеткен жер титирөө кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:27де катталган.

Парсиян менен бирге Перс булуңундагы Киш аралын дагы титиреткен жер титирөөнүн 11 километр тереңдикте болгондугу белгиленди.

Ирандын расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда, Хормузган губернаторлугунун Кризистик башкармалыгынын башкы директору Мехрдад Хасанзаде жер титирөө болгон аймактан азырынча эч кандай кыйроо болбогонун билдирди.



Тектеш кабарлар