Украинада 8 миң 400 жаран каза болду

Бириккен Улуттар Уюмунун  Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Украинада уланып жаткан согуштан улам 8 миң 400 жарандын каза болгонун, 14 миңден ашуун жарандын жараланганын белгиледи.

1968379
Украинада 8 миң 400 жаран каза болду

Бириккен Улуттар Уюмунун  Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк Украинада уланып жаткан согуштан улам 8 миң 400 жарандын каза болгонун, 14 миңден ашуун жарандын жараланганын белгиледи.

Түрк БУУнун Адам укуктары кеңешинин 52-сессиясынын алкагында Украинадагы абал тууралуу сөз сүйлөдү.

Россиянын Украинага каршы согушунда адам укуктарынын жана эл аралык гуманитардык укуктун одоно бузулушунун «үрөй учурарлык көнүмүш адатка айлангандыгын" белгилеген Түрк 2022-жылдын февраль айынан бери уланып жаткан согушка байланыштуу маалымат берди. 

Түрк : "Ушул кезге чейин 8 миң 400 жарандын каза болгондугу ырасталып, 14 миңден ашуун жаран жараланды. Бул сандар билинген гана сандар",- деди.

Глобалдык мааниде жашоо наркы кризисине байланыштуу эң олуттуу маселелердин чыгып жаткандыгын  белгилеген Түрк мунун болжол менен 1,6 миллиард адамдын турмушуна жана күнүмдүк жашоосуна зыянын тийгизерин, бир нече өлкөдөгү туруктуулукту да коркунучка салгандыгын айтты. 

 


 



Тектеш кабарлар