Афганстанда мектеке граната менен кол салуу болду

Кол салууда эки окуучу каза болуп, 4 окуучу жаракат алды.

1968101
Афганстанда мектеке граната менен кол салуу болду

Афганстандын түндүгүндөгү Жузжан провинциясынын Куштепе районундагы мектепке граната ыргытылып, эки окуучу каза болду.

Жүзжан полиция бөлүмүнүн басма сөз катчысы Абдул Саттар Халими басма сөзгө берген маалыматында, Куштепе районундагы мектепке белгисиз бирөөнүн граната ыргыткандыгын айтты.

Кол салууда эки окуучунун каза болгонун билдирген Халими 4 окуучунун да  жараланганын айтты.

Окуяга күбө болгондор кол салуунун кыздар билим алган башталгыч мектепте жасалгандыгын билдиришти.

Кол салуунун жоопкерчилигин азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар