Кытай Тайвань лидеринин АКШ сапарына каршылык көрсөттү

Кытай эгемендүүлүгү талаш  - тартышта болгон Тайвандын лидери  Цай Инвэндин АКШ сапарынын карым  - катнаштарда олуттуу карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн экендигин эскертти.

1967451
Кытай Тайвань лидеринин АКШ сапарына каршылык көрсөттү

Кытай эгемендүүлүгү талаш  - тартышта болгон Тайвандын лидери  Цай Инвэндин АКШ сапарынын карым  - катнаштарда олуттуу карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн экендигин эскертти.

Кытайдын Вашингтон элчилигинин ишенимдүү өкүлү Шу Шуэюэн Цай Нью  -  Йоркко баргандан кийин өткөргөн пресс  - жыйынында Цайдын мындан мурда  АКШга жасаган “транзиттик сапарларына” прецедент катары кароого болбой тургандыгын мунун Пекиндин  реакциясын азайта албай тургандыгын белгиледи.

Тайвань маселеси Кытайдын негизги кызыкчылыктарынын борбору экенин жана АКШ менен эки тараптуу карым-катнаштарда өтпөө керек болгон «кызыл сызык» экенин баса белгилеген Шу : «Кааласа Тайвандын лидери АКШга келсин, кааласа АКШ лидери Тайванга барсын бул Кытай  -  АКШ карым  - катнаштарында олутту конфронтацияга алып келиши мүмкүн»,- деди.

Шу Вашингтондун Тайвань лидерлеринин өткөн күндөрдө да АКШга баргандыгын эске салып, Кытайдын ашыкча каршы чыгуусун керек кыла турган абалдын жок экендигин айтканына жооп катары : «Өткөн күндөрдөгү жаңылыштыктар прецедент боло албайт, бул биздин реакцияны азайтпайт»,- деди.

АКШнын Тайвань менен жогорку деңгээлдеги карым-катнаштарын бекемдөө менен жана аралга көбүрөөк курал сатуу менен маселени барган сайын маанилүү кылып жаткандыгын жактаган Шу: «Бул коркутуу эмес, Кытай өкмөтү «бир Кытай» келишиминин бузулушуна каршылык көрсөтүүгө мажбур»,- деди.

Тайвандын лидери Цай Инг-вэн кечээ 10 күндүк чет өлкө сапарына чыгып, ал жерде Борбордук Америка өлкөлөрү Гватемала жана Белизге барат жана АКШнын Нью-Йорк, Лос-Анжелес шаарларында жолугушууларды өткөрөт.

Кытай территорияларынын бир бөлүгү экендигин жактагаган Тайвань Кытай Эл Республикасы курулган 1949 – жылдан бери көз карандысыздыкка ээ. Кытай менен Тайвандын ортосунда жарандык согуштан кийин ортого чыккан бөлүнүү азыр да улантылууда.



Тектеш кабарлар