Германияда кылмыштуулуктун көрсөткүчү өстү
2022-жылга карата кылмыштуулук боюнча статистикалык отчет коомчулукка жарыяланды.
Германияда 2022-жылы кылмыштуулуктун көрсөткүчү мурунку жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга өстү.
2022-жылга карата кылмыштуулук боюнча статистикалык отчет коомчулукка жарыяланды.
Буга караганда 2022-жылы өлкөнүн жалпысында 5 миллион 629 миң кылмыш катталып, мурунку жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга өстү.
2022-жылдын көрсөткүчтөрүн 2019-жылга салыштырганда кылмыш иштеринин саны 3,5 пайызга өскөн.
Өзгөчө балдардын жана жаштардын күн сайын сексуалдык зомбулукка кабылып жатканы коркунучтуу экени баса белгиленди.
Маалымдалгандай, сексуалдык кылмыштардан жабыркагандардын 92,4 пайызы жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 80 пайызы аялдар.
2019-жылдан кийин уурулук жана талап-тоноочулук кылмыштары менен денеге залал келтирүү фактыларынын олуттуу өсүшү көңүлдөрдү бурду.
Германияда 2019-жылы 5 миллион 436 миң, 2021-жылы 5 миллион 48 миң кылмыш иши катталган.