Фудзияма жанар тоосу атылса Япония кандай чара көрөт?

Фудзиямада жарылуу болгон учурда айланадагы аймактарды эвакуациялоо планы жаңыланды.

1967477
Фудзияма жанар тоосу атылса Япония кандай чара көрөт?

Эгерде Японияда активдүү жанар тоо Фудзияма атылып кетсе, адамдарды унаа менен эмес жөө эвакуациялоо чакырыгы болот.

Курамына борбордук өкмөт жана айланадагы 3 провинциянын жооптуу кызматкерлери кирген Кырсыктарды башкаруу кеңеши Фудзиямада жарылуу болгон учурда айланадагы аймактарды эвакуациялоо планын жаңылады.

Акыркы 9 жылдан бери биринчи жолу жаңыланган планга ылайык, жарылуу мүмкүн болгон учурда мурдагы пландан айырмаланып элден унаалардын ордуна жөө чыгып кетүүсү талап кылынат.

Ушул алкакта лаванын алгачкы 24 саатта жетиши күтүлгөн аймактарда жашаган эл тыгындын алдын алуу максатында аймактан жөө чыгып кетишет.

Учурдагы планга караганда, ыктымалдуу атылуу алдында өз ыктыяры менен эвакуациялоо чакырыгы учурунда болсо жеке унаалар, анын ичинде автоунаалар да колдонулушу мүмкүн.

Кырсыктарды башкаруу кеңешинин билдирүүсүндө: «Коопсуз эвакуацияны биринчи орунга коюу менен бирге социалдык жана экономикалык иш-аракеттердин үзгүлтүксүздүгүнө да маани беребиз»,-деп айтылды.

Этеги Яманаши, Сидзуока жана Канагава провинцияларына чейин созулган 3 миң 776 метр бийиктиктиги менен Япониянын эң бийик жери Фудзияма, Токиодон 100 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.

Активдүү жанар тоо катары белгилүү болгон Фудзияма акыркы жолу 1707-жылы атылып, лаванын атылышы 16 күнгө созулган жана бүгүнкү күндө Токио жайгашкан аймактарда 4 сантиметрлик жанар тоо күлүн калтырган.



Тектеш кабарлар