Филиппинде өрттөн каза болгондордун саны көбөйдү

Минданао аралынан Жоло аралына бара жаткан The Lady Mary Joy 3 аттуу паромдо кечээ түнү белгисиз себептерден улам өрт чыкты.

1967474
Филиппинде өрттөн каза болгондордун саны көбөйдү

Филиппинде бир паромдо чыккан өрттөн каза болгондордун санынын 31ге жеткени билдирилди.

Минданао аралынан Жоло аралына бара жаткан The Lady Mary Joy 3 аттуу паромдо кечээ түнү белгисиз себептерден улам өрт чыкты.

Басилан губернатору Жим Хатаман, паромдо 250 жүргүнчүнүн болгонун жана 31 кишинин каза тапканын кабарлады.

Хатаман, күйүп кеткен паромдон 23 кишинин жаралуу чыгарылганын, дайынсыз жоголгон 7 жүргүнчүнү куткаруу иштеринин уланып жатканын айтты.

Жүргүнчүлөрдүн өрт күчөгөндө паромдон секирип, жээк коопсуздук, деңиз күчтөрү жана балыкчылардын жардамы менен деңизден чыгарылганын белгилеген Хатаман, кеминде 23 жүргүнчүнүн жаракат алагынын жана ооруканаларга жеткирилгенин белгиледи.

Паромдун Басилан жээгине чыгарылып, өрттүн себебиyby иликтенип жатканы маалымдалды.

1987-жылы декабрда Филиппин желектүү "Дона Пас" парому күйүүчү май ташыган танкер менен кагышып чөгүп кеткен. 4300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кырсык дүйнөдөгү тынчтык мезгилдеги эң чоң деңиз кырсыгы катары катталган.



Тектеш кабарлар