Кения менен Сомалиде сел: 21 адам каза болду

Эки өлкөдө сел жүрдү.

1966387
Кения менен Сомалиде сел: 21 адам каза болду

Кения жана Сомалиде нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селден 21 киши каза болду.

Кениянын Гилгил аймагында таасирдүү болгон селде 3 бала жана 4 аял каза тапты.

Сомалинин түштүгүндө Баардхере шаарындагы сел апаатынан болсо 14 киши көз жумду.

Эки өлкө тең кургакчылыктан улам суунун жетишсиздигинен жапа чегип жатканы менен, кээ бир аймактар ​​жылдын белгилүү мезгилдеринде селден таасирленүүдө.



Тектеш кабарлар