Ооганстандагы кол салуудан 6 киши каза болду

Бул тууралуу Кабул полиция департаментинин басма сөз катчысы Халид Зедран басма сөзгө маалымат берди.

1965742
Ооганстандагы кол салуудан 6 киши каза болду

Ооганстандын баш калаасы Кабулда Тышкы иштер министрлигинин жанында жанкечтилик кол салуу болуп 6 киши мерт кетти.

Кабул полиция департаментинин басма сөз катчысы Халид Зедран басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө кол салган кишинин министрлик жайгашкан көчөнүн кире беришиндеги көзөмөл пунктуна жакындаганда коопсуздук күчтөрү тарабынан зыянсыздандырылганы жана ошол учурда үстүндөгү бомба жарылганын айтты.

Кол салууда 6 жарандын каза болгонун белгилеген Зедран, 3ү Талибан мүчөсү болгон бир нече кишинин жараланганын белгиледи.

Кабулдун эң чоң ден соолук борборлорунун бири болгон Тез жардам ооруканасынын социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө, Тышкы иштер министрлигинин жанындагы бомбалуу кол салууда каза болгон 2 кишинин жансыз денелеринин ооруканага жеткирилгени маалымдалды.

Билдирүүдө кол салууда бирөөсү бала болгон 12 кишинин жараланганы белгиленди.

Талибандын өкүлдөрү азырынча эч кандай билдирүү жасай элек, бирок кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.

11-январда Тышкы иштер министрлигинин кире беришиндеги жардыруудан 5 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар