НАТО менен Евробиримдиктен Орусияга Беларусь боюнча каршы чыгуу...

НАТО жана Евробиримдик Орусиянын Беларуста тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу чечимин «жоопкерчиликсиздик» деп аташты.

1965536
НАТО менен Евробиримдиктен Орусияга Беларусь боюнча каршы чыгуу...

НАТО жана Евробиримдик Орусиянын Беларуска тактикалык өзөктүк куралды жайгаштыруу чечимин «жоопкерчиликсиздик» деп аташты.

НАТОнун басма сөз катчысы Оана Лунгеску бул темадагы суроого жооп берип жатып: «Орусиянын өзөктүк риторикасы кооптуу жана жоопкерчиликсиздик болуп саналат. НАТО сергек абалда. Биз кырдаалга кылдат көз салып турабыз. Биз Орусиянын өзөктүк позициясына карата биздикин өзгөртүүнү талап кыла турган эч кандай өзгөрүүнү көргөн жокпуз»,-деди.

«НАТОнун өзөктүк куралды бөлүшүүсү тууралуу Орусиянын шилтеме кылуулары жаңылтуучу экенин» белгилеген Лунгеску НАТО союздаштарынын эл аралык милдеттенмелерин аткара турганын баса белгиледи.

Лунгеску: «Орусия эң акыркы Жаңы START (Стратегиялык куралдарды кыскартуу) келишимине катышууну токтотуу менен курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча өзүнүн милдеттенмелерин бир нече жолу бузду. Орусия дароо өз милдеттенмелерин аткарышы жана ак ниеттүүлүк менен иш алып барышы керек», - деди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл да социалдык медиадан билдирүү жасап, Орусия жана Беларуска каршылыгын көрсөттү.

Боррел: «Беларусь Орусиянын өзөктүк куралын жайгаштырышы - бул чыңалуунун жоопкерчиликсиз күчөшүн жана Европанын коопсуздугуна коркунучту билдирет. Беларусь муну дагы эле токтото алат. Бул анын өзүнүн чечими. Евробиримдик кошумча чаралар менен жооп берүүгө даяр»,-деп өз баасын берди.

Россиянын президенти Владимир Путин ишемби күнү бир телеканалга берген маегинде Беларуска тактикалык өзөктүк куралдарды жайгаштырарын белгилеп: «Биз муну ядролук куралды жайылтпоо боюнча эл аралык милдеттенмелерибизди бузбастан жасайбыз»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар