Иранда болгон жер титирөөдө 165 киши жабыркады

Ирандын түндүк - батышындагы Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында болгон жер титирөөдө жабыркагандардын саны 165ке жетти.

1964839
Иранда болгон жер титирөөдө 165 киши жабыркады

Ирандын түндүк - батышындагы Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында болгон жер титирөөдө жабыркагандардын саны 165ке жетти.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына ылайык, Батыш Азербайжандын губернатору Мухаммед Садык Мутедедиян Хой шаарында болгон 5,6 баллдык жер титирөөдө жаракат алган 165 кишинин 139унун биринчи жардам көрсөтүлгөндөн   кийин ооруканадан чыгарылып, калгандарынын дарыланып жаткандыгын билдирди. 

Бир тараптан Батыш Азербайжан Турак жай фондунун башкы директору Кафер Берзегар жер титирөөдөн Селмас жана Хой шаарларында 10 айылда 80 отурукташуу жеринин жабыркагандыгын айтты.

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:46да күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Хой жана Селмас шаарларындагы жер титирөөдө алгачкы эсептөөлөр боюнча 82 адам жабыркаган.



Тектеш кабарлар