Мексика АКШнын айыптоолорун четке какты

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин Мексикада "адам укуктары боюнча олуттуу маселелер бар" деген отчетун айыптап, отчеттун жыйынтыктарын четке какты.

1963446
Мексика АКШнын айыптоолорун четке какты

Мексиканын президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин Мексикада "адам укуктары боюнча олуттуу маселелер бар" деген отчетун айыптап, отчеттун жыйынтыктарын четке какты.

Обрадор пресс-конференцияда АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан даярдалган жылдык адам укуктары боюнча отчетунда Мексикада «олуттуу адам укуктары маселелеринин» бар экендигине карата отчетун айыптап, отчетто белгиленгендерди жалганга чыгарды.  

Обрадор полиция жана армиянын мыйзамсыз  же өзүм билемдик менен өлтүрүүлөр, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин кыйноолор менен дайынсыз жоголуу окуяларына катыштыгы бар деген отчеттун маалыматтары тууралуу  : «Бул туура эмес, жалган айтып жатышат. Кечиресиңер,  бул түздөн  - түз саясат. Бул алардын табиятында болгон нерсе",- деди.

Обрадор АКШнын өзүн дүйнөнүн башкаруучусу экенигине ишенгендигин жана өзгөрүүнү каалабагандыгын белгиледи. 

АКШнын  Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысынын орун басары Ведант Пател Обрадордун айткандарына жооп берип,  "дүйнөнүн башкаруучулары" экендерин эч качан айтышпаганын айтты.

Пател отчеттун темасы болгон Мексикада полиция, армия жана башка өкмөт мекемелеринин олуттуу түрдө коррупцияларга жана кылмыш иштерине аралашууну улантып жаткандыгын жактады. 

 

 



Тектеш кабарлар