Жо Байден Ковид - 19 мыйзамы долбооруна кол койду

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Ковид- 19 вирусунун келип чыгышы тууралуу маалыматтарга жол ача турган мыйзам долбооруна кол койду.

1962882
Жо Байден Ковид  - 19  мыйзамы долбооруна кол койду

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Ковид- 19 вирусунун келип чыгышы тууралуу маалыматтарга жол ача турган мыйзам долбооруна кол койду.

Байден март айынын башында АКШ Конгрессинде республикачылар жана демократтар тарабынан бир добуштан кабыл алынган жана коронавирустун келип чыгышы тууралуу маалыматтын купуялуулугун жок кыла турган "Ковид-19дун келип чыгышы жөнүндө акт" аттуу мыйзам долбооруна кол койду.

АКШ президентинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Келечектеги эпидемияларды алдын алуубуз үчүн Ковид- 19дун келип чыгышын изилдөөбүз керек. Башкаруу Кытайдагы Ухань вирусология институтундагы Ковид- 19келип чыгышы тууралуу бардык жашыруун маалыматтарды иликтөөнү улантат»,- деп билдирилди.

Мыйзам АКШ Улуттук чалгындоо мекемесинин башкармалыгын Ковид- 19эпидемиясы чыкканга чейин Ухань вирусология институтунда ишке ашырылган коронавирус изилдөөлөрү же башка тийешелүү иштерди изилдөөгө багыттайт.

АКШнын өзгөчө республикачыл канаты эпидемиянын башталышынан бери 1 миллиондон ашуун америкалык каза болгон Ковид- 19дун Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан жыйылгандыгы же жаныбарлардан жуккандыгы тууралуу дагы этияттык менен мамиле кылууда.

 



Тектеш кабарлар