Крымга кол салуу болду

Кол салуудан кийин Жанкөйдө өзгөчө абал жарыяланып, окуяга байланыштуу иликтөө иштери башталды.

1962779
Крымга кол салуу болду

Украина, Крымдын түндүгүндөгү Жанкөй шаарында болгон жардырууда орус канаттуу ракеталарынын жок кылынганын жарыялады.

Украинанын чалгындоо кызматы ГУРдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Крымдын түндүгүндөгү Жанкөй шаарында жардыруу болгондугу белгиленди.

"Жардырууда темир жолдон тышкары, орусиялык «Калибр» канаттуу ракеталары жок кылынды" деп кабарланган билдирүүдө, бул ракеталардын Орусиянын Кара деңиз флотунун кемелеринен учуруу максатында алып барылганы айтылды.

Билдирүүдө аталган ракеталардын жок кылуу аралыгы кургактагы буталар үчүн 2500 километрден, деңиз буталары үчүн 375 километрден ашканы белгиленип: «Сырдуу жардыруу Орусияны куралсыздандыруу процессин улантууда жана Украинаны Крым жарым аралын басып алуудан куткарууга даярдап жатат», деген сөздөр камтылды.

Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Крымдын Жанкөй шаарына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу жасалган.

Орус кабар агенттиги ТАССтын кабарына караганда, кечээ Крымдын Жанкөй шаарын бутага алган учкучсуз аппараттар ​​Орусиянын абадан коргонуу системалары тарабынан атылды.

Дрондорго таандык бөлүктөрдүн түшүүсүнүн натыйжасында бир адам жабыркап, бир үй жана дүкөн зынга учурады.

Кол салуудан кийин Жанкөйдө өзгөчө абал жарыяланып, окуяга байланыштуу иликтөө иштери башталды.

2014-жылдын 17-мартында орус президенти Владимир Путин Орусиянын Крымды аннексиялоосун бекиткен жарлыкка кол койгон жана Крым Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланган.



Тектеш кабарлар