Иран: «Франция зомбулукту токтотушу керек»

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани билдирди.

1962058
Иран: «Франция зомбулукту токтотушу керек»

Иран Франциядагы пенсия реформасына каршы демонстрацияларга француз полициясынын кийлигишүүсүн сынга алды.

Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани билдирди.

Насер Кенани: «Франция полициясынын нааразылык акцияларына карата күч колдонуусу бул өлкөнүн өкмөтү демократия жана сөз эркиндигинин принциптерине берилген эместигинин көрсөткүчү»,-деди.

«Париж бийлигине адам укуктары боюнча кош стандарттан жана маселени курал катары колдонуудан баш тартууну кеңеш кылышканын» белгилеген Кенани: «Франция нааразылык акцияларына каршы күч колдонууну токтотушу керек»,-деп айтты.

Францияда өкмөттүн чечими боюнча пенсия курагын 2 жылга көтөргөн мыйзам долбоорун добуш берүүсүз кабыл алуусуна каршы 16-мартта башталып, кечээ да уланган нааразылык акцияларына коопсуздук күчтөрү кийлигишти.

Париж, Марсель, Бордо, Нант жана Амьен сыяктуу көптөгөн шаарда өткөрүлгөн нааразылык акцияларында демонстранттар менен полициянын ортосунда айыгышкан кагылышуулар болду. Нааразылык акциясынын жүрүшүндө ушул убакка чейин 500дөн ашуун демонстрант кармалганы, кийинчерээк 283 демонстрант бошотулганы жарыяланды.

Францияда пенсия реформасына реакциялар уланып жаткан учурда, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси Улуттук парламентте талкууланат. Жалпы жыйында көпчүлүккө ээ болбогон өкмөт кулашы мүмкүн.



Тектеш кабарлар