Кытай чет элдик жарандарга туристтик визаларды бере баштайт

Кытайдын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери чет элдик жарандарга туристтик визаларды жана башка саякат визаларын кайрадан бере баштайт.

1960347
Кытай  чет элдик жарандарга туристтик визаларды бере баштайт

Кытайдын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери чет элдик жарандарга туристтик визаларды жана башка саякат визаларын кайрадан бере баштайт.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин консулдук иштер боюнча мекемесинен берилген маалыматта элчиликтердин, консулдуктардын виза боюнча кеңселеринин коронавирус эпидемиясынын башынан бери токтотулган виза иштерин бүгүнтөн тарта кайрадан баштай тургандыгы билдирилди.

Маалыматта туристтик визалар жана убактылуу транзиттик визалар менен бирге  визалардын бардык түрлөрүнө кайрылууларды кабыл алуу жана уруксат берүүлөрдүн кайра  баштала тургандыгы билдирилип,   виза процедуралары токтотулган 2020 - жылдын 28 - мартына чейин берилген визалардын  да күчүндө калары белгиленди.

Маалыматта  бажылардан убактылуу өтүү үчүн берилген визаларда саякат негизинин мыйзамдуулугуна тийиштүү жетекчилердин чечим чыгарары баса белгиленди.

Өзгөчө Хайнан аралына жана Гонконг менен Макао автономиялуу аймактарына, Гуандун провинциясына жасала турган группа түрүндөгү саякаттарга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнүн түзүлөрү билдирилди.

Кытай Ковид  - 19 эпидемиясынын башталышынан кийин 2020 -  жылы март айында чек араларын жаап, бардык визаларды токтоткон.

Өлкө 2023 -  жылы 8 -  январда Ковид  - 19ду «А категориясындагы эпидемия» катары кароону токтотуп, Чек ара саламаттыгы жана Карантин мыйзамы боюнча ишке ашырылган чаралар жана чектөөлөрдү жоюп чек араларын кайрадан ачкан.



Тектеш кабарлар