Колумбияда 3 шахтада жарылуу болду
Колумбиянын Кундинамарка автономдук аймагындагы үч көмүр шахтасында болгон жарылууларда алгачкы аныктамаларга караганда 11 шахтер каза болуп, дайынсыз жоголгон 10 шахтер изделүүдө.
Колумбиянын Кундинамарка автономдук аймагындагы үч көмүр шахтасында болгон жарылууларда алгачкы аныктамаларга караганда 11 шахтер каза болуп, дайынсыз жоголгон 10 шахтер изделүүдө.
Сутатауса шаарынын Эль-Кахон аймагындагы Эль-Хойо, Лусеро жана Ла Эсперанца көмүр шахталарында жарылуулар болду.
Жарылууларда 11 шахтер каза болуп, шатада калган 10 адамды издөө-куткаруу иштери уланууда.
Колумбиянын президенти Густаво Петро социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө : «Калган шахтерлорду куткаруу үчүн губернаторлук менен бардык аракеттерди жасап жатабыз»,-деди.
Өлкөдө мыйзамсыз иштетилген шахталарда коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен жана көзөмөлдүн жоктугунан көптөгөн адам каза болгон кырсыктар катталууда.
Колумбияда 2010-жылы көмүр шахтасында болгон жарылуудан улам 73 адамдын өлүмү "өлкө тарыхындагы эң кайгылуу кырсык" катары катталган.