Америка Кошмо Штаттарында башталган банктык кризистин таасири күчөп баратат

Швейцариядагы Credit Suisse банкынын эң чоң өнөктөшү Саудиянын Улуттук банкы банкка капиталды көтөрбөй тургандыгын жарыялады.

1960684
Америка Кошмо Штаттарында башталган банктык кризистин таасири күчөп баратат

Швейцариядагы Credit Suisse банкынын эң чоң өнөктөшү Саудиянын Улуттук банкы банкка капиталды көтөрбөй тургандыгын жарыялады.

Чечимден кийин сатуулар башталды. Credit Suisseнин акцияларынын баасы 25 пайызга арзандады. Абал европалык биржаларга да таасирин тийгизди. Европанын ири банктарындагы төмөндөө күч алды. Commerzbank 9 пайыз, Deutsche Bank 7,8 пайыз, Barclays 6,6 пайыз баа жоготту.

Credit Suisse тууралуу тынчсыздануулардын күч алуусу менен Швейцариянын Борбордук банкы жана Швейцария финансылык базарды тартипке салуу кеңеши аракетке өттү.

Credit Suisse Швейцариянын Борбордук банкынан 54 миллиард долларга жакын карыз болорун жарыялады. Мындай чечимдин банктын ликвиддүүлүгүн күчөтүү максатында кабыл алынганы айтылды.

Эки банк банкрот болгон АКШда болсо борбору Калифорния болгон First Republic банкынын кредиттик рейтинги төмөндөдү.

Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги S&P банктын узак мөөнөттүү кредиттик рейтингин "А-" ден "ВВ+" га, дагы бир эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch да "А-" дан "BB" ге түшүрдү.

First Republic банкынын акциялары кредиттик рейтинг төмөндөгөндөн кийин 20 пайыздан ашык арзандады.

 



Тектеш кабарлар