Жо Байден - Сунак - Албаниз сүйлөшүүсү

АКШнын президенти Жо Байден жана Британиянын премьер  - министри Риши Сунак экономика жана коргонуу кызматташуулары менен бирге Украинага берилген колдоо менен Кытай маселелерин талкуулашты.

1959473
Жо Байден -  Сунак - Албаниз сүйлөшүүсү
biden-avustralya albanese.jpg

АКШнын президенти Жо Байден жана Британиянын премьер  - министри Риши Сунак экономика жана коргонуу кызматташуулары менен бирге Украинага берилген колдоо менен Кытай маселелерин талкуулашты.

Байден Австралиянын ядролук деңиз түбүндөгү кемеге ээ болушу жана ядролук  деңиз түбүндөгү технологиянын бөлүшүлүшүн камтыган AUKUS келишиминин негизинде  Калифорния штатынын Сан Диего шаарына баран Британиянын премьер  - министри Сунак менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Байден жана Сунактын AUKUS өнөктөштүгү жана жакын коргонуу кызматташтык жолу аймактык коопсуздукту өнүктүрүүгө карата убадаларын баса белгилегендери билдирилди.

Лидерлер бир катар глобалдык маселелер, анын ичинде Кытайдын чакырыктары жана Индо-Тынч океан коопсуздугу боюнча пикир алмашып, коопсуздук, Украинага экономикалык жана аскердик жардам көрсөтүү, Москвага каршы экономикалык санкцияларды талкуулашты.

Жолугушууда АКШ менен Англиянын ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын да сүйлөшүлгөнү белгиленген билдирүүдө Байдендин Сунакты июнь айында Вашингтонго чакырганы маалымдалды.

Жо Байден Австралиянын премьер  - министри Энтони Албаниз менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Эки лидер Индо  -  Тынч океандын туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн ташталган кадамдарды талкуулашты.

Байден АКШ менен Австралиянын ортосундагы күчтүү эки тараптуу карым  - катнашты жана коопсуздук союздаштыгын кайрадан тастыкташты.

Лидерлер AUKUS өнөктөштүгү жана улантылып жаткан коргонуу кызматташтык жолу менен аймактык коопсуздукту колдоо тууралуу орток убадаларды баса белгилешти.

 

 



Тектеш кабарлар