Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяга жооп кайтарды

Түндүк Корея "8.24 Йонгунг" суу астындагы кемеден 2 стратегиялык канаттуу ракетасын учурду.

1958736
Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяга жооп кайтарды

Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореянын аймактагы биргелешкен "Эркиндик калканы" машыгуусуна жооп иретинде суу астында жүрүүчү кемесинен 2 стратегиялык канаттуу ракетасын учурду.

Түштүк Корея менен АКШ акыркы 5 жылдын эң кеңири биргелешкен машыгуусу катары көрсөтүлгөн "Эркиндик калканы" машыгуусун баштаса, бүгүн Түндүк Кореядан Сеул-Вашингтон альянсына жооп кайтарылды.

Түндүк Корея "8.24 Йонгунг" суу астындагы кемеден 2 стратегиялык канаттуу ракетасын учурду.

Пхеньян болжол менен 1500 километр аралыкты басып өткөн ракеталардын Чыгыш деңиздеги алдын ала белгиленген буталарды ийгиликтүү атканын жана машыгуунун «Түндүк Кореянын өзөктүк куралынын маанилүү элементтеринин бирин түзгөн суу астындагы бөлүктөрдүн, суу астындагы чабуул операцияларынын ийгилигин тастыктаганын» баса белгиледи.

Билдирүүдө: «Корей элдик армиясынын АКШ менен Түштүк Кореянын аскердик аракеттерин басымдуу жана катуу көзөмөлдөөгө чечкиндүүлүгүн жана өзөктүк согушту болтурбоо боюнча жигердүү оперативдүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар