АКШнын Сирия долбоору...

АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасы Өкүлдөр палатасы республикачыл депутат Мэтт Гетц сунуштаган президент Жо Байденди Сириядан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырган мыйзам долбооруна добуш берди.

1957056
АКШнын Сирия долбоору...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасында америкалык аскерлердин Сириядан чыгарылышын талап кылган мыйзам долбоору четке кагылды.

АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасы Өкүлдөр палатасы республикачыл депутат Мэтт Гетц сунуштаган президент Жо Байденди Сириядан бардык америкалык аскерлерди чыгарып кетүүгө чакырган мыйзам долбооруна добуш берди.

Долбоор 103 «макул», 321 «каршы» добуш менен четке кагылды.

Гетц Сириядагы террордук уюм ПКК/ЙПГнын НАТОдогу өнөктөшү Түркия менен да кагылышууда болушунун аймактагы абалды ого бетер татаалдаштырганын белгиледи.

Гатц Түркиянын Сирияда террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүп жатканына көңүлдөрдү бурду.

Мыйзам долбоорун колдогон республикачыл депутат Марджори Тейлор Грин АКШнын Коргоо министрлиги Сирияда эмес, өлкөгө баңгизат ташыган мексикалык картелдер менен күрөшүүсү керектигин айтты.

Шайлоо чөлкөмүнөн эч бир америкалыктын ага: «Сирияда согушууга барышыбыз керек» деп айтпаганын белгилеген Грин көптөгөн америкалык аскерлердин чет өлкөлөрдө каза болгонуна көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар