Ирандагы окуучулардын ууланган учурлары...

Ирандын Студенттер маалымат агенттигинин (ISNA) маалыматына ылайык, Иран парламентинин уулануу фактыларын иликтөө комиссиясынын мүчөсү Мохаммад Хасан Асфери кечээ массалык уулануу фактылары боюнча жыйын болгонун билдирди.

1955894
Ирандагы окуучулардын ууланган учурлары...

Иранда көбүнчө кыздар мектептеринде болуп, өлкөдө нааразылык акцияларына алып келген массалык уулануу фактыларына байланыштуу айрым адамдар кармалган.

Ирандын мамлекеттик телеканалына маалымат берген Ички иштер министринин орун басары Мажид Мирахмеди, студенттердин массалык уулануусуна тиешеси бар деп табылган кээ бир адамдардын 5 провинцияда чалгындоо топтору тарабынан кармалганын билдирди.

Канча адам кармалганын тактабаган Мирахмеди бул боюнча тиешелүү уюмдар масштабдуу иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын айтты.

2022-жылдын 30-ноябрынан бери Иранда негизинен студент кыздар билим алган мектептерде массалык уулануу фактылары катталууда.

Ирандын Студенттер маалымат агенттигинин (ISNA) маалыматына ылайык, Иран парламентинин уулануу фактыларын иликтөө комиссиясынын мүчөсү Мохаммад Хасан Асфери кечээ күнү чалгындоо, ички иштер, билим берүү, саламаттыкты сактоо министрликтери менен Төңкөрүшчүл гвардия жана полиция уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусунда массалык уулануу фактылары боюнча жыйын болгонун билдирди.

Жыйында берилген отчетторго токтолгон Асфери 2022-жылдын 30-ноябрынан бери 25 провинцияда 230 мектепте 5 миңден ашуун эркек жана кыздын ууланганын жарыялады.

Уулануунун себебин аныктоо үчүн ар түрдүү анализдер жасалганын белгилеген Иран жооптуусу, уулануунун түрү же булагы аныктала электигин, иликтөөлөрдүн уланып жатканын билдирди.

Асфери такталбаган маалыматтарга караганда кээ бир жерлерде чириген жемиштердин жытына окшош газ чыгуусу бар деген билдирүүлөр бар экенин белгиледи.

Иликтөө комиссиясынын мүчөсү Асфери Саламаттыкты сактоо министрлиги окуяны олуттуу түрдө байкап жатканын жана министрликтен жыйынтыктарды күтүп жатканын кошумчалады.

2022-жылдын 30-ноябрынан бери Иранда негизинен кыздар билим алган мектептерде массалык уулануу фактылары катталууда. Окуучуларда дем алуу кыйынчылыгы, жүрөк айлануу, баш ооруу жана буту-колу уюп калуу сыяктуу белгилер байкалат.

Режимдин каршылаштарынын ырастоолоруна караганда, массалык уулануу иштеринин артында аялдардын жетекчилигиндеги Махса Эмини демонстрацияларынан өч алууну каалаган Иран башкаруучулугунда айрым радикал топтор бар.

Тегеран башкаруусуна жакын булактар ​​болсо бул окуяга режимге каршы элементтердин аралашканын айтып, коомчулукту бийликке каршы провокациялоону максат кылганын айтууда.



Тектеш кабарлар