Иран «гиперсоник баллистикалык ракетасын» чыгарганын жарыялады

Ирандын башкы штабынын төрагасы генерал- майор Мухаммед Бакыри Тегеранда өткөрүлгөн иш-чарада өлкөсүнүн кыймылдагы деңиз унааларын жок кыла ала турган баллистикалык ракеталарды чыгаргандыгын айтты.

1956024
Иран  «гиперсоник баллистикалык ракетасын» чыгарганын жарыялады

Иран кыймылдагы деңиз унааларын жардыра алган, үн ылдамдыгынан 8 эсе дагы ылдам кыймыл кылган «гиперсоник баллистикалык ракетасын» чыгарганын жарыялады.

Ирандын жарым расмий Фарс агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын башкы штабынын төрагасы генерал- майор Мухаммед Бакыри борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүнүн кыймылдагы деңиз унааларын жок кыла ала турган баллистикалык ракеталарды чыгаргандыгын айтты.

Ракета сыноолорунун ийгиликтүү аяктаганын жана массалык өндүрүштүн башталганын белгилеген Бакыри : "Иран ушундай ракеталарды чыгаруу менен бул ракеталарга ээ болгон үч өлкөнүн бири болду",- деди.

Сөз болгон баллистикалык ракетанын ылдамдыгынын 8 мах (үн ылдамдыгынын 8 эсеси) жана 1500 километр аралыкка ээ экенин айткан Бакыри, мындай ракетага ээ болуу менен өлкөнүн айланасындагы деңиздерде 1000 километр радиуска жеткен коопсуздук аймагын түзө турганын айтты.

Бакыри ракетанын качан жана кайда сыналгандыгына байланыштуу маалымат берген жок.

 

 



Тектеш кабарлар