Ирандан МАГАТЭге көбүрөөк көзөмөл жүргүзүү уруксаты берилди
Иран басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, МАГАТЭнин төрагасы Рафаэль Мариано Гросстун Тегеран сапарынан кийин Ирандын Атомдук энергия агенттиги менен МАГАТЭ биргелешкен билдирүү жасап, үч негизги темада макулдашкандарын жарыялашты.
Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке (МАГАТЭ) өзөктүк объектилерин көбүрөөк текшерүүгө жана тууралоого уруксат берет.
Иран басма сөзүндө орун алган кабарга караганда, МАГАТЭнин төрагасы Рафаэль Мариано Гросстун Тегеран сапарынан кийин Ирандын Атомдук энергия агенттиги менен МАГАТЭ биргелешкен билдирүү жасап, үч негизги темада макулдашкандарын жарыялашты.
Ирандын Атомдук энергия боюнча агенттиги менен МАГАТЭнин ортосундагы келишимге ылайык, Тегеран өкмөтү өз ыктыяры менен агенттикке өзөктүк объектилерин андан ары текшерүүгө жана тууралоого уруксат берет.
Кошумчалай кетсек, Тегеран башкаруучулугу агенттик менен Ирандын ортосунда чыңалууга алып келген жана уран бөлүкчөлөрү табылган үч өзөктүк объекти боюнча дагы кызматташууга даяр экенин жарыялады.
Агенттик менен Ирандын ортосунда «биргелешкен кызматташууга» жана «диалогду улантууга» чакырган билдирүүдө «Диалог жана кызматташтыктын улануусу Агенттик менен Ирандын ортосунда кеңири келишимдердин пайда болушуна алып келет» деп айтылат.
МАГАТЭ ар бир үч ай сайын Директорлор кеңешинин мүчө өлкөлөрү менен бөлүшүп турган жана 28-февралда маалымат каражаттарында чагылдырылган Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгүнө байланыштуу баяндамада агенттиктин инспекторлору тарабынан 21-январда Ирандын жер астындагы Фордо обьектисиндеги IR-6 центрифугасынан алынган үлгүлөрдө тазалыгы 83,7 пайызга чейин жеткен бөлүкчөлөр бар экени айтылган.
Ирандын үч өзөктүк объектисинде мурда ачыкка чыга элек уран бөлүкчөлөрүнүн табылышы Агенттик менен Ирандын ортосунда чыңалууга алып келген.