Британиянын королу Чарльз Франция жана Германияга барат

Британиянын королу Чарльз III жана  жубайы Камилла 26 -  31- март күндөрү биринчи өлкө тышы сапарын Франция менен Германияга жасашат.

1954791
Британиянын королу Чарльз Франция жана Германияга барат

Британиянын королу Чарльз III жана  жубайы Камилла 26 -  31- март күндөрү биринчи өлкө тышы сапарын Франция менен Германияга жасашат.

Королдук үй-бүлөнүн билдирүүсүндө, 26-мартта баштала турган 6 күндүк программасынын алкагында король Чарльздын жубайы менен Берлин, Гамбург жана Парижге бара тургандыгы билдирилди.

Билдирүүдө өлкөнүн жаңы башкаруучусу король Чарльз жана жубайы Камилланы Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер тосуп ала тургандыгы белгиленди.

Сапардын алкагында Британиянын королу Чарльз Германиянын Федералдык Жыйынында (Бундестаг) сөз сүйлөйт жана король Франциядагы Елисей сарайында болсо өткөрүлө турган иш - чарага катыша тургандыгы билдирилди.

Британиянын ханышасы Элизабета II жайкы эс алуусун өткөргөн Шотландиянын Абердиншир шаарындагы Балморал сепилинде 8 - сентябрда каза болгон.

Букингем сарайы ханыша Элизабеттин өлүмүнөн кийин ошол эле күнү Чарльз тактыга отуруп "Британиянын королу" болгонун жарыялаган.

Ханышанын 73 жашындагы уулу Чарльздын өлкөнүн жаңы королу болгондугу 10 -  сентябрь ишемби күнү борбор шаар Лондондогу Саинт Жеймс сарайында өткөн  салтанатта жарыяланды.



Тектеш кабарлар