Талибан Европа өлкөлөрүнүн Афганстандагы элчиликтерин ачуусун суранды

Европа Биримдиги өлкөлөрү 2021 - жылдын 15 - августунда Афганстан башкаруусуна Талибандын келиши менен ал жердеги элчиликтерин жапкан.

1954480
Талибан Европа өлкөлөрүнүн Афганстандагы элчиликтерин ачуусун суранды

Талибан Убактылуу Өкмөтүнүн тышкы иштер министринин аткаруучу өкүлү Эмирхан Муттаки Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Афганстандагы элчиликтерин кайрадан ачуусун суранды.

Муттаки  Афганистандын түштүгүндөгү Кандахар аймагында Европа Биримдигинин Афганстан атайын өкүлү Томас  Никлассон жана делегациясы менен Афганстандын түштүгүндөгү Кандахар провинциясында жолугушту.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Хафез Зия Ахмед Твиттер баракчасынан жолугушуунун мазмуну тууралуу маалымат берди.

Ахмед Муттакинин Афганистан менен Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн дипломатиялык карым  - катнаштарынын өнүктүрүлүшү үчүн керектүү кадамдардын ташталышы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн Кабулдагы элчиликтерин кайрадан ачуу үчүн үндөшү керектигин айтканын билдирди.

Ахмед өзгөчө Муттакинин Европа Биримдигинин Афганстанга берген гуманитардык жардамдардан улам ыракмат айткандыгын белгиледи.

Талибан жооптуусунун берген маалыматына караганда Европа Биримдигинин атайын өкүлү Никлассон  Талибандын башкарууга келиши менен Афганстанда коопсуздуктун түзүлгөндүгүн жана коррупцияга каршы күрөштө олуттуу кадамдардын ташталгандыгын  билдирди.

Никлассон да Афганстанга гуманитардык жардамды уланта тургандарын билдирди.

Европа Биримдиги өлкөлөрү 2021 - жылдын 15 - августунда Афганстан башкаруусуна Талибандын келиши менен ал жердеги элчиликтерин жапкан.



Тектеш кабарлар