Д витаминин деменцияга пайдасы

Д витамини менен деменциянын ортосундагы байланыш изилденди.

1954465
Д витаминин деменцияга пайдасы

Д витамини деменциянын алдын алууга жардам бериши мүмкүн.

Alzheimer's & Dementia: Diagnosis, Assessment & Disease Monitoring журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, Д витамини менен деменциянын ортосундагы байланышты иликтөө максатында 12 миң катышуучу менен изилдөө жүргүзүлдү.

Канада жана Британиядан изилдөөчүлөр, кошумча D витаминин ичкен 4637 катышуучудан турган топто ичпегендерге караганда 40 пайызга аз деменция катталганын аныкташты.

Катышуучулардын 2 миң 696сы 10 жылдын ичинде деменцияны өрчүтүп бул топтогу 2 миң 17 адам деменция диагнозу коюлганга чейин эч кандай D витаминин ичпегени, 679унун болсо өтө аз кошумча алганы белгиленди.

Канададагы Калгари университетинин Хотчкисс мээ институтунун жана Британиянын Эксетер университетинин изилдөөчүлөрү катышуучулардын орточо жашы 71 экенин жана алар изилдөөгө катышканда эч кандай деменция диагнозу коюлбаганын билдиришти.

Окумуштуулардын бири Захиноор Исмаил, когнитивдик төмөндөө башталганга чейин витамин D кошумчаларын эрте алуу пайдалуу болушу мүмкүн деген далилдерди тапкандарын айтты.

Эксетер университетинен Байрон Криз да: «Бул изилдөөнүн натыйжасы бизге витамин D кошумчалары деменциянын алдын алуу же кечеңдетүү үчүн пайдалуу болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат, бирок азыр муну тастыктоо үчүн клиникалык сыноолорго муктажбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар