Иранда өтө байытылган уран табылды
МАГАТЭ үч ай сайын Директорлор Кеңешине мүчө өлкөлөр менен бөлүшүп турган Ирандын өзөктүк иш-аракеттери тууралуу отчетунда бул өлкөдө өтө байытылган уран бөлүкчөлөрү табылганы тууралуу маалыматка орун берди.
Атомдук Энергия боюнча Эл аралык Агенттиктин (МАГАТЭ) иликтөөчүлөрү Ирандын Фордо өзөктүк объектисинде 83,7 пайыз байытылган уран бөлүкчөлөрүн аныкташты.
МАГАТЭ үч ай сайын Директорлор Кеңешине мүчө өлкөлөр менен бөлүшүп турган Ирандын өзөктүк иш-аракеттери тууралуу отчетунда бул өлкөдө өтө байытылган уран бөлүкчөлөрү табылганы тууралуу маалыматка орун берди.
Маалыматка ылайык, иликтөөчүлөр 21-январда Ирандын жер астындагы Фордо заводундагы эки баскычтуу IR-6 центрифугасы мурда жарыялангандан «бир кыйла башкача» конфигурацияланганын байкашкан; бул жерден алынган үлгүлөр тазалыгы 83,7 пайызга чейинки бөлүкчөлөр экени аныкталган.
Агенттиктин отчетунда «Иран агенттикке байытуу деңгээлиндеги «каалашсыз олку-солкулуктар» өткөөл мезгилде болушу мүмкүн экенин билдирди»,-деп айтылат.
Маселени тактоо үчүн агенттик менен Ирандын ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда.
МАГАТЭ буга чейин Иран уранды 60 пайызга байытты деп билдирген.
Айрым эл аралык медиа уюмдарында Иран 20-февралда урандын 84 пайызын байытты деп жазып, Тегеран администрациясы муну четке каккан.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.