Иранда тик учак конуп жатып кырсыкка учурады

Иранда Жаштар жана спорт министри Хамид Сежжади жана коштоосундагыларды ташыган тик учак конуу учурунда кырсыкка учурап, 1 киши каза болду.

1951144
Иранда тик учак конуп жатып кырсыкка учурады

Иранда Жаштар жана спорт министри Хамид Сежжади жана коштоосундагыларды ташыган тик учак конуу учурунда кырсыкка учурап, 1 киши каза болду.

Иран расмий агенттиги ИРНАнын кабарына караганда Жаштар жана спорт министри Сежжади менен коштоосундагыларды ташыган тик учактын учкучу Кирман аймагына караштуу Бафт  шаарындагы бир спорт комплексине конуу учурунда кырсыкка учурады. 

Иран Кызылайынын  төрагасы   Пир Хусейн Коливенд кырсыктан оор жаракат алган Жаштар жана спорт министрлигинин спорт боюнча башкы директору жана министрдин кеңешчиси Исмаил Ахмадинин каза болгонун,  18 кишинин алардын ичинен үчөөсүнүн оор жараланганын жарыялады. 

Министр Сежжадинин кырсыкта мээси чайкалгандыгы бирок абалынын салыштырмалуу жакшы экендиги билдирилди.  

ИРНАнын кабарына караганда жаралангандардын арасында депутат Самедуллах Мухаммеди да бар. 

 

 



Тектеш кабарлар