ДССУ дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу маалымат берди

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус жумалык маалымат жыйынында Түркияда 20-февралда дагы эки жер титирөө болгонун эске салып, аймакка кайгы алып келгенин айтты.

1950386
ДССУ дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо тармагынын абалы тууралуу маалымат берди

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус, 6-февралдагы очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин Түркия жана Сириядагы издөө-куткаруу иштеринин соңуна чыгып баратканын белгиледи.

Гебреисус жумалык маалымат жыйынында Түркияда 20-февралда дагы эки жер титирөө болгонун эске салып, булар аймакка кайгы алып келгенин айтты.

Жаңы жер титирөөлөрдүн 6-февралдагы жер титирөөлөргө караганда күчү азыраак болгонуна токтолгон Гебреисус, буга карабастан өлүм жана жаракат алууларга себеп болгонун белгиледи.

Гебреисус: «Учурда каза болгондордун саны (очогу Түркияда болгон жер титирөөдө) 47 миңден ашты (Сириядагыларды кошкондо) жана 125 миң адам жаракат алды. Түркияда кеминде 15 оорукана зыянга учурап, көптөгөн саламаттыкты сактоо мекемелери таасир алды. Сирияда болсо 145 саламаттыкты сактоо мекемеси зыянга учурады. Жер титирөөдөн 26 миллион адам жабыркады. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму эки өлкөнүн тең саламаттыкты сактоо чараларын колдоо үчүн 84,5 миллион долларга чукул чакыруу баштады»,-деп айтты.

Бир тараптан Орусиянын Украинага басып киришинен бери бир жыл өткөнүн эске салган Гебреисус, Орусия-Украина согушунун ден-соолук үчүн кыйратуучу натыйжалары болгонун айтты.

Башкы директор: «Украинада жаңжал башталгандан бери ДССУ саламаттыкты сактоо тармагына 802 кол салуу болгонун тастыктады. Бул чабуулдар 101 медицина кызматкеринин жана бейтаптын өлүмүнө алып келди»,-деди.

Гебреисус:«ДССУ Украинадагы өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташып, саламаттыкты сактоо тармагына кайрылгандардын саны 8,4 миллионго жетти. ДССУ башынан бери Украинага тез жардам унааларын, генераторлорду, өнөкөт бейтаптар үчүн дары-дармектерди, травматология жана шашылыш хирургиялык буюмдарды жеткирип келет. ДССУ, ишибизди колдоо, Украинадагы жана качкындарды кабыл алган өлкөлөрдөгү 11,4 миллион кишиге жетип, жардам берүү үчүн 240 миллион доллар жардам көрсөтүүгө чакырды»,-деди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү, коронавирустун жаңы түрү (Ковид 19) эпидемиясына байланыштуу: «Дүйнө үч жыл мурункуга караганда жакшыраак абалда болсо да, бул вирусту жеңил-желпи кабыл албаш керек»,-деп айтып, кеңири коргоону камсыздай турган жана жугуштуу ооруну азайта турган вакциналарды иштеп чыгуу үчүн изилдөөлөргө инвестиция салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.



Тектеш кабарлар