АКШда жаш эркектердин 63 пайызы бойдок жашайт

АКШда жаш эркектердин  60 пайыздан ашууну бойдок жашагандыгы, жаш кыздарда бул көрсөткүчтүн жарымы экендиги белгиленди.

1950649
АКШда жаш эркектердин 63 пайызы бойдок жашайт

АКШда жаш эркектердин  60 пайыздан ашууну бойдок жашагандыгы, жаш кыздарда бул көрсөткүчтүн жарымы экендиги белгиленди.

The Hill веб-порталынын ар кандай сурамжылоонун маалыматтарына, анын ичинде PEW изилдөө борборуна негизделген кабарында АКШ калкындагы жаш жигит  жана кыздардын социалдык абалы талкууланды.

18 жаштан 29 жашка чейинки эркектердин 63 пайызы бойдок болсо, ошол эле курактагы жаш кыздарда  бул көрсөткүч 34 пайызга жеткени баса белгиленди.

Кабарда өзгөчө Ковид-19 эпидемиясында жаштардын «уникалдуулугу» жана «достуксуздук» көрсөткүчтөрүндө тарыхый өсүш болгондугу, социалдык чөйрөлөрүндө санааркатуучу деңгээлде тараюнун болгондугуна басым жасалды.  

Эпидемиядан кийин жаш  социалдык карым  - катнаштардын тараюсунан эң көп жаш эркектердин таасирленгендиги баса белгиленди.

Акрон университетинин психология профессору Рональд Левант аялдар эркектерге караганда эмоционалдык жактан оңой жакын достук түзө аларын айтты.

АКШда  жаш эркектер башынан өткөргөн социалдык үзгүлтүктүн  аялдарга караганда 4 эсе көп жанкечтилик көрсөткүчтөрүндө чагылдырылышы менен байланыштуу болушу мүмкүн экени баса белгилеген кабарда өлкөдөгү массалык кагылышуулардын дээрлик бардыгынын жаштар тарабынан жасалганына да көңүл бурулду.

 



Тектеш кабарлар