Евробиримдик жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн донорлор конференциясын уюштурат

Биллстрем 6-февралда болгон жер титирөөлөр тууралуу билдирүү жасады.

1948719
Евробиримдик жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн донорлор конференциясын уюштурат

Европа Биримдигинин (ЕБ) кезектешкен төрагасы Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем, очогу Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин Түркия жана Сириядагы жабыркагандар үчүн эл аралык коомчулуктан кайрымдуулук чогултуу максатында 16-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде донорлор конференциясы өтөөрүн жарыялады.

Биллстрем ЕБ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлерин жолугуштурган Тышкы байланыштар кеңешинин жыйынынын кире беришинде, 6-февралда болгон жана миңдеген адамдардын өмүрүн алган 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр тууралуу билдирүү жасады.

Өлкөсүнүн ЕБ төрагалыгы учурунда «кыйратуучу жер титирөө менен күрөшүү үчүн колунан келгендин баарын жасоону каалаганын айткан Биллстрем, мурда март айынын башында өткөрүлө турганы жарыяланган донорлор конференциясынын 16-мартта болоорун билдирди.

Тобиас Биллстрем конференциянын Евробиримдик комиссиясы менен бирге өткөрүлөрүн жана жер титирөөнүн коркунучтуу кесепеттерин мүмкүн болушунча жумшартууну максат кылганын айтты.

Швециянын тышкы иштер министри Биллстрем: «Бул конференцияга жогорку деңгээлде катышууну күтөбүз, ошондой эле Түркия жана Сирия калкы үчүн колубуздан келгендин баарын кылуу үчүн дагы көп акча чогултууну үмүттөнөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар