Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынагандыгын жарыялады

66 мүнөт абада калган баллистикалык ракетанын 900 километр аралыкты өтүп, 5 миң 700 километр бийиктикке чыга ала турганы белгиленди.

1948134
Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынагандыгын жарыялады

Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын Япон деңизи (Чыгыш деңизи) багытында баллистикалык ракетасын сынагандыгын кабарлашты.

Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Түндүк Корея баллистикалык ракетасын жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:20 чамасында Япон деңизи багытында учурган.

66 мүнөт абада калган баллистикалык ракетанын 900 километр аралыкты өтүп, 5 миң 700 километр бийиктикке чыга ала турганы белгиленди.

Япониянын премьер - министри Кишида Фумио ракетанын Япониянын улуттук аймактык сууларына, түндүктөгү Хоккайдонун батыш тарабына жана япон улуттук аймактык сууларына түшкөнү болжолдонуп жаткандыгын билдирди.

Министрлер кабинети тиешелүү министрликтердин жана уюмдардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам топ түзүлүп, келтирилген зыянды аныктоо иштеринин жүргүзүлүп  жаткандыгын маалымдады. 

Япониянын коргоо министринин орун басары Ино Тосиро Америка Кошмо Штаттары  менен тыгыз кызматташтыкты уланта тургандарын айтты.

Түштүк Кореянын биргелешкен штаб башчылары да Пхеньянга жакын Сунан аймагынан алыс аралыкка учуучу баллистикалык ракета учурулганын тастыктады.

Башкы штабдан берилген маалыматта : "Аскерлерибиз  АКШ менен жакын кызматташтык ичинде толугу менен даяр",- деп айтылды.  

 

 

 



Тектеш кабарлар