Индонезияда 6,1 баллдык жер титирөө болду

Индонезия жаратылыш кырсыктарынан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн арасында.

1947942
Индонезияда 6,1 баллдык жер титирөө болду

Индонезиянын Малуку провинциясынын Кей аралдарындагы Туал шаарынын түштүк - батышында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду.

Америка геологиялык кызматы (USGS) 6,1 баллдык жер титирөөнүн эпицентри  Туал шаарынан 130 чакырым түштүк - батышта болгонун жарыялады.

Аталган борбор жер титирөөнүн 38,6 километр тереңдикте болгонун билдирди.

Азырынча жер титирөөдө адам өмүрү жана мүлктүк жоготуулар катталган жок.

"Тынч океандын от чамбары" деп аталган жер титирөө жана жанар тоо тилкесинде жайгашкан Индонезия жаратылыш кырсыктарынан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн арасында.



Тектеш кабарлар