Ибрахим Реисинин Кытайга болгон сапары

Кытай менен Иран Афганистанда Талибан убактылуу өкмөтүнө аялдардын иштөө жана билим алуусуна карата чектөөлөрдү токтотууга чакыруу салды.

1947837
Ибрахим Реисинин  Кытайга болгон сапары

Кытай менен Иран Афганистанда Талибан убактылуу өкмөтүнө аялдардын иштөө жана билим алуусуна карата чектөөлөрдү токтотууга чакыруу салды.

Ирандын президенти Ибрахим Реисинин Кытайга жасаган жана үч күндүк расмий сапарынын аякташы менен кечээ биргелешкен билдирүү жарыяланды.

Реиси менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин аймактык жана эл аралык темалар менен саясат, коопсуздук жана коргонуу, экономикалык өнүгүү, билим берүү жана маданият темаларын да сүйлөшкөнү баса белгиленген билдирүүдө, соода, айыл чарба, өнөр жай, жаңыланууга боло турган  энергия жана инфраструктура темаларынын талкуулангандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө 2021 - жылдын август айында Талибандын Афганистанда бийликке келгенден бери аялдар менен кыздардын билим алуу жана жумушка орношуусуна чектөө киргизгенине байланыштуу баа берүүлөр да орун алды.  

«Эки тарап афган башкаруучуларга бардык этникалык топтордун жана саясий топтор катышкан өкмөт куруу жана аялдарга, этникалык азчылыктарга жана башка диндерге карата бардык басмырлоочу аракеттерди акырына чыгарууга чакырды»,- деп айтылган билдирүүдө башта АКШ болгон айрым НАТО өлкөлөрүнүн Афганистанда учурдагы абалдан жооптуу экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар