Эрте мененки спорт арыктоо үчүн абдан таасирдүү

Швед окумуштууларынын изилдөөсү арыктоо үчүн эрте мененки көнүгүүлөрдүн таасирдүү экендигин аныкташты.

1946491
Эрте мененки спорт арыктоо үчүн абдан таасирдүү

Британиядагы MyLondon сайтынын кабарына караганда, Proceedings of the National Academy of Sciences (PNAS) журналында жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, илимпоздор арыктоо үчүн эртең мененки көнүгүүлөрдүн таасирдүү экендиги тууралуу жыйынтыкка келишкен.

Изилдөөнүн негизинде окумуштуулар чычкандардын адамдарда эртең мененки көнүгүүсүнө тең келген жана "активдүү эрте фаза" деп билинген мезгил менен эс алуу мезгилдерине туш келген интенсивдүү машыгуудан кийин денедеги майдын катышын изилдешти.

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча активдүү айлануу учурундагы көнүгүү чычкандардын метаболизмин көбүрөөк ылдамдаткан.

Изилдөөчүлөр адам денесиндеги биологиялык сааттын функциясы сыяктуу эле, күндүн ар кайсы убагында жасалган көнүгүүлөрдүн зат алмашууга тийгизген таасири да ар кандай экенин айтышууда.



Тектеш кабарлар