Тайвандын байкоо спутниги Түркиядагы кырсыктарды изилдеди...

Тайвань космос агенттиги TASA дүйнөнү эки күндө бир айланып турган спутник 7, 9 жана 11-февралда Түркиянын үстүнөн өткөндө жер титирөө болгон аймакка көңүл буруп, кеңири байкоолорду жүргүзгөнүн билдирди.

1945773
Тайвандын байкоо спутниги Түркиядагы кырсыктарды изилдеди...

Кахраманмарашта 6-февралда болгон жер титирөөдөн кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр үчүн Тайвандын жерди байкоо спутниги Формосат-5 тарабынан тартылган фотосүрөттөр «Sentinel Asia» системасы аркылуу берилди.

Тайвань космос агенттиги TASA дүйнөнү эки күндө бир айланып турган спутник 7, 9 жана 11-февралда Түркиянын үстүнөн өткөндө жер титирөө болгон аймакка көңүл буруп, кеңири байкоолорду жүргүзгөнүн билдирди.

Тайвандык адистер спутник тарабынан 9-февралда тартылган кырсык болгон аймактын фотосүрөттөрү менен Европа космостук агенттиги ESAнын «Sentinel-2» спутниги тарабынан 25-январда ошол эле аймакта тартылган сүрөттөрдү салыштырып, жердин жаракалары жана кулаган имараттарды салыштырышты. Кахраманмарашта болжол менен 187 гектар аянтты сүрөткө тартып, мүмкүн болгон кырсык аймактарын аныктады.

Сүрөттөрдөгү салыштыруу менен коопсуз аймактарды да аныктаган адистер өзгөчө кырдаалда баш калкалоочу жай курула турган аймактарды да аныкташты.

Адистер спутниктен алынган сүрөттөрдү салыштырып, аймактагы тектоникалык плиталардын кыймылын да талдап чыгышты.

Команданын анализи кырсыктын кесепеттери жер титирөөлөрдөн улам кеңейгенин көрсөттү.

TASA сүрөттөр боюнча анализдерин 29 өлкөдөн жана аймактан 96 мекеме жана 17 эл аралык уюм мүчөсү болгон «Sentinel Asya» системасы аркылуу маектештери менен бөлүштү.

Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу төрагалыгы (AFAD) дагы Sentinel Asia системасынын мүчөсү болуп саналат.

Өткөн аптада 10 провинцияда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алып, «кылымдын апааты» деп сыпатталууда.



Тектеш кабарлар