ДССУ Афганистандагы балдардын начар тамактануусу тууралуу билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ 875 миң афган баланын катуу начар тамактануу менен бетме  - бет экендигин билдирди.

1943795
ДССУ Афганистандагы балдардын начар тамактануусу тууралуу билдирди

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ 875 миң афган баланын катуу начар тамактануу менен бетме  - бет экендигин билдирди.

ДССУ Афганистан Твиттер эсебинен бул тууралуу маалымат берди.

Маалыматта бул жылы жалпы Афганистанда 125 миңи түрдүү кыйынчылыктагы  875 миң баланын катуу начар тамактануу маселеси менен бетме  - бет экендиги билдирилди.

Маалыматта 2,3 миллиондон ашуун баланын да орточо деңгээлдеги начар тамактануу жана 840 миң кош бойлуу же эмизген эненин начар тамактанууда экендиги белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму начар тамактануу менен күрөшүү максатында бул жуманын ичинде түрдүү аймактарда медайымдардын билим алуусунун улантылып жаткандыгы билдирилди.

Талибандын өткөн жылы Афганистан башкаруусуна келишинен кийин тереңдеп бара жаткан экономикалык кризистен улам жалпы өлкөдөгү гуманитардык кризис курчуду.

Бириккен Улуттар Уюмунун  маалыматы боюнча, Афганистандын калкынын үчтөн эки бөлүгүнө  барабар болгон 28 миллион адам чукул гуманитардык жардамга муктаж.

Буга окшогон туура эмес тамактануу, кызамык жана полиомиелит сыяктуу көптөгөн оорулар өлкөнүн негизги көйгөйлөрүнүн бири.



Тектеш кабарлар