Украинага орус күчтөрүнүн кол салуулары

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Орусиянын Купянск, Лиман, Бахмут, Авивка жана Новопавливск багытында операцияларды баштоого басым жасаганы белгиленди.

1942081
Украинага орус күчтөрүнүн кол салуулары

Украинада орус күчтөрү акыркы 24 саатта 61 чабуул жасаганы кабарланды.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө Орусиянын Купянск, Лиман, Бахмут, Авивка жана Новопавливск багытында операцияларды баштоого басым жасаганы белгиленди.

Орус армиясынын акыркы 24 сааттын ичинде Харьковдун жарандык инфраструктураларына бир нече ракета системалары менен 61 жолу кол салганы белгиленген билдирүүдө, кол салууларга жооп кайтаруулар менен Орусиянын көзөмөлүндөгү Горливка шаарындагы ооруканалардын жаралуу орус аскерлери менен толтурулганы белгиленди.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов орус күчтөрүнүн шаардын борборун С-300 ракеталары менен аткылаганын жана 2 ракетанын батирге тийгенин айтты.

Терехов, өрт чыккан батирде куткаруу иштеринин уланып жатканын айтты.

Харьков облусунун Куткаруу бөлүмүнүн башчысы Евгений Василенко да университеттин имаратына ракета тийгенин билдирди.



Тектеш кабарлар