Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү пландоодо

Фон дер Ляйен Украинанын борбор шаары Киевде президент Владимир Зеленский менен Евробиримдик-Украина саммитинин алдында биргелешкен маалыматтык билдирүү жасады.

1941338
Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү пландоодо

Евробиримдик (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик Украинадагы согуштун бир жылдыгы болгон 24-февралга чейин Орусияга каршы санкциялардын 10-пакетин жарыялай турганын жарыялады.

Фон дер Ляйен Украинанын борбор шаары Киевде президент Владимир Зеленский менен Евробиримдик-Украина саммитинин алдында биргелешкен маалыматтык билдирүү жасады.

Евробиримдиктин жогорку даражалуу жетекчилеринин көбү эртеңки саммитке катышуу үчүн Киевде экенине көңүл бурган фон дер Ляйен: «Бүгүн биздин Киевде болушубуз абдан ачык сигнал берет. Бүткүл Евробиримдик көптөн бери Украинаны жактап келет жана биз анын негизги укуктарын жана эл аралык укукту жактаган сайын Украина менен бирге болот»,-деп айтты.

Фон дер Ляйен, берүүнү каалаган биринчи билдирүүнүн Украинанын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу экенин баса белгилеп: «Жалпысынан согуш башталгандан бери Евробиримдиктин Украинага көрсөткөн экономикалык, гуманитардык жана аскерий колдоосу азыр дээрлик 50 миллиард еврого жетти»,-деди.

«Орусия Украинадагы кыйроолор үчүн төлөп, Украинаны кайра курууга салым кошууга аргасыз болот», - деп айткан Фон дер Ляйен Евробиримдик жана анын өнөктөштөрү Орусиянын мамлекеттик активдерин Украинанын пайдасына кантип колдонулушу мүмкүн экенин иликтеп жатканын айтты.

Еврокомиссиянын башчысы: «Биз G7 өнөктөштөрүбүз менен Орусиянын мунай өнүмдөрүнө кошумча баанын чегин киргизебиз жана 24-февралга (согуштун жылдыгына) карата 10-санкция пакетин ишке ашырууну максат кылабыз»,-деп айтты.

Фон дер Ляйен Украинанын жана Евробиримдиктин прокурорлору далилдерди чогултуу үчүн биргелешип иштеп жатканын белгилеп:«Биринчи кадам катары Гаагада Украинадагы агрессиялык кылмыштарды териштирүү боюнча эл аралык борбор түзүлөрүн жарыялоого кубанычтамын. Бул борбор биргелешкен тергөө тобуна бериле турган далилдерди чогултууну координациялайт. Ошентип, Украина, Eurojust, биздин биргелешкен тергөө тобу жана Нидерландия менен тез арада ишти баштоого даяр болобуз»,-деди.

Евробиримдик менен Украинанын администрациясы эртең Киевде согуш башталгандан берки биринчи саммитке чогулат.



Тектеш кабарлар