Трамп шайлоо кампаниясын баштады

2024-жылы АКШда боло турган президенттик шайлоого талапкер болгон республикачыл саясатчы Дональд Трамп, Түштүк Каролина штатынын борбору Нью-Хемпширде жана Колумбияда өткөн Республикалык партиянын жылдык жыйынында алгачкы үгүт сөздөрүн жасады.

1939835
Трамп шайлоо кампаниясын баштады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоо үчүн шайлоо өнөктүгүн баштады.

2024-жылы АКШда боло турган президенттик шайлоого талапкер болгон республикачыл саясатчы Дональд Трамп, Түштүк Каролина штатынын борбору Нью-Хемпширде жана Колумбияда өткөн Республикалык партиянын жылдык жыйынында алгачкы үгүт сөздөрүн жасады.

2024-жылдагы шайлоо үчүн мурдагыдан да «чечкиндүү жана ачуулуу» экенин жана чоң митингдерди өткөрө турганын айткан Трамп: «Анткени биз буга чейин көрбөгөн шайлоочулардын духу бар»,-деди.

Трамп азыркы президент Жо Байдендин чек ара, экономикалык жана социалдык саясаттарын сынга алып, президенттиги учурунда жүргүзгөн саясаттарына мисалдарды келтирди.

«2024-жылдагы шайлоо өлкөбүздү сактап калуу үчүн бирден-бир мүмкүнчүлүгүбүз»,-деп айткан Трамп, АКШга солчул идеологияга, терең мамлекетке, маалымат каражаттарына жана Кытайга туруштук бере ала турган лидер керек деген көз карашын жактады.

Дональд Трамп 2017-2021-жылдары президент болуп иштеген жана 2024-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин 16-ноябрда жарыялаган.

2024-жылдагы шайлоо үчүн азыркы президент Жо Байден 7-февралдагы «Биримдиктин абалы» сөзүнүн алдында өзүнүн талапкерлигин жарыялайт деп күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар