Пакистанда мечитке болгон жанкечтилик кол салууда көп адам набыт болду

Улуттук маалымат каражаттары билдиргендей, жанкечтилик кол салуу шаардын полиция линиясы аймагындагы мечитте бешим намазы учурунда болгон.

1939659
Пакистанда мечитке болгон жанкечтилик кол салууда көп адам набыт болду

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы мечитке жанкечтилик кол салуу болуп, 34 киши набыт болду, көбү полиция кызматкерлери.

Улуттук маалымат каражаттары билдиргендей, жанкечтилик кол салуу шаардын полиция линиясы аймагындагы мечитте бешим намазы учурунда болгон.

Кол салууда көбү полиция болгон 34 киши каза болуп, 150 киши жаракат алды.

Кол салуу учурунда мечитте 300гө жакын киши болгонун билдирген расмийлер каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн кооптонууда.

Полиция кызматкери Мухаммед Иказ Хан жардыруудан кийин мечиттин чатыры урап түшкөнүн, урандылардын астында калгандарды куткаруу иштери уланып жатканын билдирди.

Жардыруудан мечитке жана анын айланасындагы имараттар жана унаалар зыянга учураган.

Аймакта издөө-куткаруу иштери уланууда.

Dawn гезитинде орун алган кабарда кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистан талиптери (ТТП) алганы белгиленген.

Премьер-министр Шахбаз Шариф Твиттердеги билдирүүсүндө кол салууну айыптап, анын артында тургандарга катуу чара көрүлөрүн баса белгиледи.

Кол салуудан кийин Пешаварга барган Шариф жаралууларды зыярат кылып, коопсуздук абалы тууралуу маалымат алды.

Мурдагы премьер-министр Имран Хан да бул акцияны айыптап, аны «террордук чабуул» деп атады.



Тектеш кабарлар