Нетаньяху миңдеген израилдиктерди куралдандырууга даярданып жатат

Израил өкмөтүнүн басма сөз кызматы Коопсуздук кабинетинин кечээки жыйынында чыгарылган чечимдер тууралуу маалымат жарыялады.

1939217
Нетаньяху миңдеген израилдиктерди куралдандырууга даярданып жатат

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху оккупацияланган Чыгыш Кудста 7 израилдик каза болгон кол салуудан кийинки биринчи кабинет жыйынында миңдеген израилдиктин куралдануусун жеңилдетүү үчүн кээ бир кадамдарды таштай тургандарын билдирди.

Израил өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Коопсуздук кабинетинин кечээки жыйынында коопсуздук күчтөрүн күчөтүү жана кол салгандарга жана алардын колдоочуларына катуу санкцияларды киргизүү чечими жактырылганын айткан Нетаньяху: «Биз миңдеген Израилдин жарандарына, анын ичинде тез жардам кызматын көрсөтүүчүлөргө курал лицензияларын берүүнү камсыздайбыз жана тездетебиз»,-деди.

Израилде ыктыярдуу медициналык кызмат көрсөтүүчү ЗАКАнын 3000 мобилдик ыктыярчысы бар экенин белгилеген Нетаньяху алардын куралдуу болушуна көңүл бурду.

Нетаньяху ошондой эле басып алынган Батыш Шериадагы мыйзамсыз жөөт конуштарын «күчтөндүрүү» үчүн жакын арада жаңы чечимдерди чыгара тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар