Ирандагы жер титирөөнүн кесепеттери

Батыш Азербайжандын губернатору Мухаммед Садык Мутемедиян, жаракат алгандардын 16сынын Салмастагы ооруканага жеткирилгенин, 20 кишинин Хой шаарындагы ооруканаларга жеткирилгенин, 6 кишиге операция жасалганын билдирди.

1939110
Ирандагы жер титирөөнүн кесепеттери

Ирандын Батыш Азербайжан провинциясынын Хой шаарында кечээ кечинде болгон 5,8 баллдык жер титирөөдө биринчи аныктамалар боюнча 2 киши каза болуп, 664 киши жараланды.

Батыш Азербайжандын губернатору Мухаммед Садык Мутемедиян, жаракат алгандардын 16сынын Салмастагы ооруканага жеткирилгенин, 20 кишинин Хой шаарындагы ооруканаларга жеткирилгенин, 6 кишиге операция жасалганын билдирди.

Мутемедиян жер титирөөдөн 70ке жакын айылдын зыян тартканын белгиледи.

Кырсык жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу президенттигинин сайтындагы маалыматка караганда, Хой шаарында күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөө 6,49 километр тереңдикте болгон.

Жер титирөөдөн улам Хой жана Чайпаре шаарларындагы мектептердин жабылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар