Шарль Мишель Украина парламентинде сөз сүйлөдү

Шарль Мишель 18 - январда Киев облусунун Бровари шаарында кыйраган тик учакта 14 адамдын жана  Украинанын ички иштер министри Денис Монастирскийдин каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

1935602
Шарль Мишель Украина парламентинде сөз сүйлөдү

Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель гүлдөп өнүккөн жана коопсуз Украина болбостон, гүлдөп өнүккөн жана коопсуз Европаны ойлоо мүмкүн эмес экендигин айтты.

Мишель жолугушууларды өткөрүү үчүн Украинанын борбор шаары Киевде Украина парламентинде сөз сүйлөдү.

Шарль Мишель 18 - январда Киев облусунун Бровари шаарында кырсыкка учураган тик учакта 14 адамдын жана  Украинанын ички иштер министри Денис Монастирскийдин каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

24 - февралда башталган Россия - Украина согушунун уланып жатканын эске салган Мишель орус армиясын Украинада жарандарга каршы ракеталык чабуулдарды жасоо менен айыптады.

Россиянын кол салуурынын Украинага гана эмес, Европа Биримдигинин баалуулуктарына да коркунуч туудурганын айткан Мишель : «Мен бүгүн сиздерге, Украина элине, украиналыктардын жанында экендигибизди айтуу үчүн келдим»,-деди.

Россиянын Украинаны көзөмөлгө алууну максат кылгандыгын айткан Мишель : «Бул стратегия  ийгиликтүү болбойт»,- деди.

Украинанын Европа Биримдиги менен интеграция процессинин уланып жатканын белгилеген Мишель бул процессте Украина тарапка колдоо көрсөтүүнү уланта тургандарын айтты.

Европа Биримдиги катары Украинага 2023 -  жылы жалпы 18 миллиард евролук финансылык жардам беришерин айткан Мишель Украинага жардам берүү үчүн өзгөчө 11 миллиард евролук коргонуу фондун түзүшкөндөрүн айтты.

Европа Биримдиги катары 15 миң украиналык аскерди машыктырууга чечим чыгаргандарын айткан Шарль Мишель  Европадан Украинага курал жардамынын да улантылып жаткандыгын белгиледи.

Согуштан улам Украинанын олуттуу чыгымга учурагандыгын белгилеген Мишель бул тууралуу жооптуу болгон баарынын соттолушу жана Россияга каршы санкциялардын улантылышы керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар