АКШ: «Түркияга ыраазыбыз»

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс билдирүү жасады.

1934844
АКШ: «Түркияга ыраазыбыз»

Америка Кошмо Штаттары (АКШ): «Биз Түркияга бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелердин көбүн чечүүдө ойногон ролу үчүн ыраазыбыз»,-деди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк пресс-конференцияда президент Жо Байдендин Түркияга F-16лардын сатылышын колдогонун жана бар болгондорду модернизациялоо керектигине ишенгенин билдирип, бул темада Конгресстеги кесиптештери менен кызматташууну уланта турганын айтты.

НАТО мүчөсү катары Түркиянын альянска олуттуу салым кошконун белгилеген Прайс: «Түркия менен абдан конструктивдүү мамилебиз бар. Орусиянын Украинага ырайымсыз кол салуулары менен бирге, бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселелердин көбүн чечүүдөгү ролу үчүн Түркияга ыраазыбыз»,-деп айтты.

Түркиянын конструктивдүү ролу болбогондо дан коридору келишимине кол коюлмак эмес деп айтуунун аша чапкандык болбостугун белгилеген Прайс, президент Режеп Таййип Эрдоган жана түрк өкмөтүнүн Украинадагы согушка байланыштуу өзгөчө позициясын колдонуп таштаган кадамдары үчүн Түркияга ыраазы экендиктерин баса белгиледи.

Нед Прайс бир тараптан Түркиянын өз коопсуздугуна карата коркунуч жарата турган жагдайларга туш болгонун түшүнүп жаткандарын айтып: «Түркия өз жерлеринде берки НАТО өнөктөштөрүнө караганда көбүрөөк террордук кол салууларга дуушар болду»,- деди.

Түркиянын «конструктивдүү НАТО мүчөсү» экенине көңүл бурган басма сөз катчы, ДЕАШ менен бирге террорго каршы күрөшүүдөгү Түркиянын ролуна басым жасады.



Тектеш кабарлар