Беларусь менен Орусиянын биргелешкен аскердик машыгуусу

Машыгуу 1-февралга чейин уланат.

1933138
Беларусь менен Орусиянын биргелешкен аскердик машыгуусу

Беларустун Коргоо министрлиги, Орусия менен биргелешкен аскердик учуу машыгуусунун башталганын жарыялады.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, Беларустун Куралдуу күчтөрү менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен аймактык күч авиация бөлүктөрүнүн биргелешкен учуу-тактикалык машыгуусунун бүгүн башталганы белгиленди.

Орусия тарабынан Аба жана Космос күчтөрүнөн бир түзүмдүн машыгууга катышып жатканы маалымдалган билдирүүдө: «Машыгуунун негизги максаты – күжүрмөн даярдык тапшырмасын биргелешип аткарууда ыкчам шайкештикти камсыз кылуу», деп айтылды.

Аба-десанттык чалгындоо, чек арадагы аба мейкиндигинде биргелешкен күзөт, аскерлерге абадан колдоо көрсөтүү, тактикалык десанттык аскерлерди жайгаштыруу, жабыркагандарды эвакуациялоо жана жүктөрдү жеткирүү машыгууларынын аткарылгандыгы билдирилип, Беларустун аба күчтөрүнүн бардык базалары жана полигондору колдонулган машыгууда Беларустун абадан коргонуу системалары бөлүгүнүн кызмат кылганы кабарланды.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко октябрь айында Орус-Беларусь союздук мамлекетинин чек арасындагы чыңалуунун күчөшүнөн улам эки өлкөнүн аскердик бөлүктөрүнөн турган биргелешкен аймактык күч түзүшкөн.

Беларустун Коргоо министрлиги 6-январда Орусия-Беларусь биргелешкен аймактык күчтүн коргонуу миссиясын аткарууга даяр экенин жарыялап, келечекте ар кандай деңгээлде биргелешкен аймактык аскер бөлүктөрүн өркүндөтүү боюнча иш-аракеттердин улантыла турганын билдирген.

Машыгуу 1-февралга чейин уланат.



Тектеш кабарлар