ИКУ Ооганстан күн тартиби менен чогулду

Сауд Арабиянын Жидда шаарында Туруктуу өкүлдөр деңгээлинде өткөн жыйында Ооганстандагы социалдык жана экономикалык абалдын начарлашына көңүл бурулду.

1931670
ИКУ Ооганстан күн тартиби менен чогулду

Түркиянын демилгеси менен чогулган Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Аткаруу комитети кезексиз жыйынында Ооганстандагы аялдардын абалын жана өлкөдөгү экономикалык кризисти талкуулады.

Сауд Арабиянын Жидда шаарында Туруктуу өкүлдөр деңгээлинде өткөн жыйында Ооганстандагы социалдык жана экономикалык абалдын начарлашына көңүл бурулду.

Комитет Ооганстандагы Убактылуу Талибан өкмөтүн, өлкөдөгү билим берүү тармагында жана бейөкмөт уюмдарда аялдардын иштөөсүнө тыюу салууну карап чыгууга чакырды.

Комитет ошондой эле бул маселелер боюнча сезимталдыкты билдирүү үчүн Ооганстанга аалымдардан турган экинчи делегацияны жөнөтүүнү чечти.

Жыйында эл аралык коомчулукка, ооган элинин жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн өзгөчө чакан, киреше алып келүүчү секторлорго колдоо көрсөтүү чакырыгы айтылды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу аймактагы абалга көңүл буруу үчүн Сауд Арабия, Индонезия, Бириккен Араб Эмирликтери жана Катардагы кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу.

Ооганстандагы абал 16-17-март күндөрүндө Мавританиянын Нуакчот шаарында өткөрүлө турган ИКУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 49-жыйынынын күн тартибинде да орун алат.



Тектеш кабарлар