Калифорнияда сел жүрдү

Улуттук метеорология кызматы, аймактагы жагымсыз аба ырайынын улана турганын маалымдады.

1930911
Калифорнияда сел жүрдү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатында дем алыш күндөрү башталган катуу жамгыр жана бороондун кесепетинен 15 киши каза болду.

Улуттук басма сөздөгү кабарларга караганда, жетекчилер 34 миллион кишинин «сел коркунучунда турганын» билдиришти.

Өлүмдөргө көбүнчө аба ырайына байланыштуу жол кырсыктары, бак-дарактардын кулашы жана суу ташкындары себеп болгонун белгилеген жетекчилер, унаасы сел сууларына кабылган бир аялдын куткарылганын, бирок 5 жашар баласынын сел сууларына агып кеткенин айтышты.

Сан-Луис-Обиспо округунун шерифи Тони Чиполла дайынсыздарды табуу аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Сел жана жер көчкү коркунучунан улам Санта-Крус аймагында 32 миңдей, Санта-Барбара аймагында 10 миңдей киши эвакуацияланды.

Маалым болгондой, өлкөнүн чыгышында кардын калыңдыгы 2 метрге жетип, кар көчкү коркунучунан улам тоонун айланасындагы айрым негизги жолдор жабылган.

Санта-Клара аймагында болжол менен 225 миң үй жана ишкананын электр жарыгысыз калганы айтылды.

Улуттук метеорология кызматы, аймактагы жагымсыз аба ырайынын улана турганын кабарлады.  



Тектеш кабарлар